Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:48

Украина: коргоо министри Резников кызматтан кетүүгө арыз жазды


Украинанын мурдагы коргоо министри Алексей Резников НАТОнун жыйынында. Брюссель. 15-июнь, 2023-жыл.
Украинанын мурдагы коргоо министри Алексей Резников НАТОнун жыйынында. Брюссель. 15-июнь, 2023-жыл.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Жогорку Радага кызматтан кетүү тууралуу арызын жолдогонун 4-сентябрда билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбукка жазды.

3-сентябрдын кечиндеги кайрылуусунда Украинанын президенти Владимир Зеленский коргоо министрин алмаштыруу чечимин кабыл алганын билдирген. Ал Резниковдун ордуна крым татары Рустем Умеровду сунуштаган.

“Жогорку Рада бул адамды жакшы билет. Умеров мырза тааныштырууга муктаж эмес. Парламент бул талапкерди колдоп берерине үмүттөнөм”,- деди Зеленский.

41 жаштагы Умеров – Рададагы “Добуш” (Голос) фракциясынын депутаты. “Крым платформасы” депутаттык бирикмесинин башчыларынын бири болгон. Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышкан. Учурда Умеров Мамлекеттик мүлк фондун жетектейт. Бир кезде крым татар саясатчысы Мустафа Жемилевдин жардамчысы болгон.

Алексей Резников Украинанын коргоо министрлигин 2021-жылдын ноябрь айынан бери жетектеп келген. Ал эми Украинанын Британиядагы элчиси болот деген маалымат бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG