Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:15

Украинада олигарх Коломойский камалды


Украиналык олигарх Игорь Коломойский соттон чыгып баратат. 2-сентябрь, 2023-жыл.
Украиналык олигарх Игорь Коломойский соттон чыгып баратат. 2-сентябрь, 2023-жыл.

Киевдин Шевченков райондук соту 2-сентябрдын кечинде украин миллиардери Игорь Коломойскийди эки айга камоо чечимин чыгарды. Анын адвокаттары олигарх соттун чечимине каршы доо арыз менен жогорку инстацияга кайрыларын билдиришти.

Украинанын Коопсуздук кызматы Игорь Коломойскийди алдамчылыкка жана кылмыштуу жол менен тапкан мүлктү адалдаштырууга айыптап жатат.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 2013-2020-жылдары Коломойский миллиондогон долларды чет жакка чыгаруу менен адалдаштырган.

Игорь Коломойский Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, эң бай украиндердин бири. Анын байлыгы 2022-жылдын соңуна карата 850 миллион долларды түзгөн. 2022-жылы президент Владимир Зеленский өз буйругу менен ишкерди украин жарандыгынан ажыраткан

Коломойскийге Орусияда Украинанын чыгышында тыюу салынган куралды колдонгон деген кине менен кылмыш иши козголгон. Ишкер жикчилдерге кескин каршы чыгып, аларга каршы аскердик операцияга колдоо көрсөткөн. 2014-жылы Москванын Басманный сотунун чечими менен Коломойский сыртынан кесилген.

Быйыл февралда украин маалымат каражаттары Коломойскийдин кеңсесинде жана үйлөрүндө тинтүүлөр жүргөнүн жазышкан.

Коломойскийге Орусияда "Украинанын чыгышында тыюу салынган куралды колдонгон" деген кине менен кылмыш иши козголгон. Ишкер жикчилдерге каршы аскердик операцияга колдоо көрсөткөн. 2014-жылы Москванын Басманный сотунун чечими менен Коломойский сыртынан кесилген.

Быйыл февралда украин маалымат каражаттары Коломойскийдин кеңсесинде жана үйлөрүндө тинтүүлөр жүргөнүн жазышкан.

Зеленский президенттике ат салышып, жеңип алганда көп адамдар анын артында олигарх Игорь Коломойский турат деп айтышкан. Коломойский "Эл кызматчысы" сериалын көрсөткөн "1+1" телеканалынын ээси эле. Бирок олигарх да, Зеленский өзү да мындай дооматтарды четке кагышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG