Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:07

Пашинян Орусияга ишенүү «стратегиялык ката» болгонун билдирди


Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян. 25-июль, 2023-жыл.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян. 25-июль, 2023-жыл.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян өлкөсүнүн коопсуздук кепилдиги катары бир гана Орусияга ишенүү саясаты «стратегиялык ката» болгонун билдирди.

Италиялык La Repubblica басылмасында 3-сентябрда жарык көргөн маегинде Пашинян Москваны Армениянын коопсуздугун коңшу Азербайжандын агрессиясынан коргой албаганы үчүн айыптады.

Пашинян Орусиянын Арменияда аскердик базасы жана эки өлкө ортосунда коргонуу жаатында келишимдери болгонуна карабастан өз өлкөсүн орусиячыл деп эсептебестигин кошумчалады.

«Маселен, азыр биздин орусиялык өнөктөштөрүбүз Батыш мамлекеттери Армения менен иштеп, армян өкмөтүн Орусияны аймактын сүрүп чыгарууга багытталган чараларды көрүүгө түртүп жатат деп айтышууда. Бирок биз орусиялык өнөктөштөрүбүз менен сүйлөшүп, өз пикирибизди, баабызды бөлүшкөндө Орусия өзү аймактан кайсы бир кадамдарды кабыл алгандыгы же албагандыгы үчүн кетип жатканына күбө болуудабыз. Анын себеби эмнеде экенин билбейбиз», - деген Пашинян.

Армян премьер-министри белгилегендей, өлкөсүнүн коопсуздук архитектурасы, анын ичинде курал-жабдык, ок-дары сатып алуу жагы дээрлик 100% Орусияга байланыштуу болчу.

«Азыр Орусия өзү курал-жабдыкка муктаж болуп көрүп турабыз, Орусия кааласа дагы Армениянын коопсуздук жаатындагы талаптарын камсыздай албайт»,-деген Пашинян коопсуздук жаатында бир эле өнөктөшкө көз каранды болуу «стратегиялык ката» болгонун айтты.

Армения менен Азербайжан ондогон жылдардан бери Тоолуу Карабактын айынан жаңжалдашып келет.

2020-жылдагы алты аптага созулган согушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган. Пашинян орус бейпилдик күчтөрүн өз милдеттенмелерин аткарбай жатканы үчүн буга чейин бир нече ирет айыптаган.

Армения менен Орусия Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG