Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Бишкек мэри: 15 мүнөттүк жерге машина менен жарым саатта жетчүдөй система түзүлөт


Бишкек. Коомдук транспорттун тилкеси сары түс менен чектелүүдө.
Бишкек. Коомдук транспорттун тилкеси сары түс менен чектелүүдө.

Бишкек мэриясы шаардыктар коомдук транспортко көбүрөөк түшүүгө кызыкдар боло тургандай система түзүүгө киришкенин мэр Эмилбек Абдыкадыров 2-сентябрда журналисттерге билдирди. Автобус, троллейбус жүргөн чоң жолдорго алар үчүн өзүнчө тилке ачуу бул системаны иретке келтирүүнүн негизги ыкмасы экенин айткан жетекчи айрым аялдамалардын орду өзгөрүп, жол боюна машина токтотмой болбой турганын белгиледи.

“Албетте көйгөйлөр болот, машиналардын тыгыны жаралат. Андыктан жүргүнчүлөр коомдук транспортко өтүшөт. Бара-бара тартип болот. Автобус менен 15 мүнөттө жете турган жерге жеке машина менен жетүү 30 мүнөттү ала тургандай система түзөбүз. Эл туура түшүнүп, көнүп кетет деп үмүттөнөм. Аялдамаларга таксилер, кичи автобустар токтоп, автобус менен троллейбуска орун жок болуп калууда. Өзүнчө тилке ачуу мына ушул маселени чечет. Бул ишти жарым жылда аягына чыгарабыз”, - деди Абдыкадыров.

Өкмөт Бишкекти Кытайда жасалган 1000 жаңы автобус менен камсыздоону, алардын жарымын жыл аягына чейин алып келүүнү көздөөдө. Азыркы тапта жаңы автобустардын 112си келип, иштеп жатат.

Азырынча Бишкекте жүргүнчү ташуучу негизги коомдук транспорт - жеке ишканаларга караштуу маршруттук кичи автобустар. Алардын жүргүнчүлөр үчүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу көптөн бери сын жаратып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG