Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин камалды


Адахан Мадумаровду сотко алып бараткан учур. 2-сентябрь, 2023. Бишкек.
Адахан Мадумаровду сотко алып бараткан учур. 2-сентябрь, 2023. Бишкек.

2-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы каралды. Соттун чечимине ылайык, ал 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Бул тууралуу сотко катышкан эл өкүлү Гуля Кожокулова журналисттерге билдирди.

Ал буга чейин Жогорку Кеңеш Мадумаровду “кызмат абалынан ашыкча пайдалануу” беренеси менен жоопко тартууга уруксат бергенин, бирок тергөөнүн мамлекеттик чыккынчылыкка алмаштырганы түшүнүксүз экенин айтты. Эл өкүлү Мадумаров эч качан тергөөнүн суроолоруна жооп берүүдөн качпаганын, буга карабай бүгүн күч органдары жаш баласынын көзүнчө күч менен кармап кеткени туура эмес болгонун, жактоочулар соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга арыз бергенин кошумчалады.

Мунун алдында Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканын адвокат Гуляна Убалиева журналисттерге билдирген. Анын айтымында, бул иш 2009-жылы Мадумаров кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго байланыштуу. Соттун имаратын милиция кызматкерлери катуу кайтарууга алып, тарапташтарын жана журналисттерди сырткы тосмосуна жакындаткан жок.

Мадумаровду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени ишембиде белгилүү болгон.

Ички иштер министрлиги маалымат бере элек.

Мадумаров кармалгандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев "мамлекетке чыккынчылык кылгандарга аёо жок" деп Фейсбуктагы баракчасына жазды. Бирок ал кимдир бирөөнүн ысымын атаган эмес.

"Кимде ким мамлекетке чыккынчылык кылса, кимде ким мамлекеттин ичине бүлүк салуу аракеттерди жасаса, аларга аёо болбойт. Күч органдарынын жообу андай жарандарга катуу болот!", - деп жазган Ташиев.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров башкы прокурордун сунуштамасын карап чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн “жогору жактан катуу буйрук алган” деп айткан. (КЕ/AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG