Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Нобел фонду орус, беларус элчилерине берилген чакырууларды кайтарып алды


Нобель сыйлыгын тапшыруу учуру, 10-сентябрь, 2013-жыл
Нобель сыйлыгын тапшыруу учуру, 10-сентябрь, 2013-жыл

Нобел фонду Стокгольмдогу сыйлык тапшыруу аземине Орусия, Беларус жана Ирандын элчилерине берилген чакырууларын кайтарып алды. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалды. Басылма быйылкы майрамга бул өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүн чакыруу чечими швед саясатчыларынын арасында дагы кескин реакция жаратканын белгилейт. Былтыр элчилер чакырылган эмес.

Фонд аларды быйылкы жылы чакыруу чечимин "Нобел сыйлыгынын баалуулуктарын жана маанисин мүмкүн болушунча кеңири жайылтуу" болгону менен түшүндүргөн. Былтыр Тынчтык сыйлыгы ачык саясий билдирүү катары Орусия жана Беларустун укук коргоочуларына, ошондой эле орусиялык согуш кылмыштарын документтештирүү менен иштеген украиналыктарга берилгени мисал келтирилди.

Буга чейин Швециянын эмгек министри Йохан Персон сыйлык тапшыруу аземине Орусиянын элчиси келсе, ал иш-чарага катышпай турганын билдирген. Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон уюмдун демилгеси таң калтырып жатканын айткан.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги өз кезегинде Нобел фондунун жетекчилигин "Орусия менен Беларусту изоляциялоо үчүн эл аралык аракеттерди колдоого" чакырган.

Нобел сыйлыгынын лауреаттары салттуу түрдө октябрдын башында жарыяланып, ал эми сыйлыктар декабрда ыйгарылат. Алты сыйлыктын бешөө Стокгольмдо, ал эми Тынчтык сыйлыгы Ослодо (Норвегияда) тапшырылат. Былтыр Орусиядагы "Мемориал" уюму жана Украинадагы Жарандык эркиндиктерди коргоо борбору, беларустук укук коргоочу Алесь Беляцкий Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты болушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG