Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Мадумаровдун бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралат


Адахан Мадумаровду сотко алып бараткан учур. 2-сентябрь, 2023. Бишкек
Адахан Мадумаровду сотко алып бараткан учур. 2-сентябрь, 2023. Бишкек

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Бүгүн, 2-сентябрда анын бөгөт чарасы каралат. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, соттун имаратына Мадумаровдун тарапташтарын, журналисттерди киргизбей жатышат. Саясатчынын бөгөт чарасы бүгүн караларын аталган соттун басма сөз кызматы дагы "Азаттыкка" ырастаган.

Мунун алдында саясатчы эмне себептен кармалганын сураган журналисттерге кыска жооп берип, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол коюлган протоколго байланыштуу экенин айтты.

"Баягы эле жомок, Баткен боюнча", - деп жооп берди саясатчы.

Адахан Мадумаровду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени ишембиде белгилүү болгон.

Ички иштер министрлиги маалымат бере элек. Мекеменин басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров башкы прокурордун сунуштамасын карап чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн “жогору жактан катуу буйрук алган” деп айткан. (КЕ/AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG