Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Мадумаровдун тарапташтары ИИМдин алдына чогулууда


Адахан Мадумаровду кармоо учуру. 2-сентябрь, 2023. Бишкек
Адахан Мадумаровду кармоо учуру. 2-сентябрь, 2023. Бишкек

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун кармалышына байланыштуу анын тарапташтары Ички иштер министрлигинин алдына чогулууда. Учурда Мадумаровду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкармалыгына алып кирип кетишти. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Мадумаровдун өзү менен байланышууга мүмкүн болбогонун жана анын бөгөт чарасын аныктоо үчүн Биринчи Май райондук сотуна алып барышы ыктымал экенин "Азаттыкка" билдирди.

"Сүйлөшүүгө деле мүмкүнчүлүк берген жок. Ага мамлекеттик адвокат берилиптир, өзүнүн жактоочусу деле келе элек. ИИМ жетекчилигинен эч ким жок болгондуктан, биз дагы эч кандай маалымат ала алган жокпуз. Азыр аны Биринчи Май райондук сотуна бөгөт чарасын аныктоо үчүн алып барышы ыктымал", - деди депутат.

Адахан Мадумаровдун тарапташтары чогулууда. 2-сентябрь, 2023. Бишкек
Адахан Мадумаровдун тарапташтары чогулууда. 2-сентябрь, 2023. Бишкек

2-сентябрда Адахан Мадумаровду ИИМдин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болгон. Ал эмне себептен, кайсы ишке байланыштуу кармалганы азырынча белгисиз.

Ички иштер министрлиги маалымат бере элек.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров башкы прокурордун сунуштамасын карап чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн “жогору жактан катуу буйрук алган” деп айткан. (КЕ/AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG