Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Ак үй украин күчтөрүнүн чабуул маалындагы ийгилигин белгиледи


Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби жума күнү Кошмо Штаттары акыркы 72 саат ичинде Запорожье облусунда украин куралдуу күчтөрү алга жылганын билдирди.

Анын айтымында, украин армиясы орусиялык коргонуу линиясына чабуул койгондо айрым ийгиликтерге жетише алды. Ал Киевди бул участокто дагы оор кармаштар күтүп турганын белгиледи.

"Америка добушу" украин бийликтери жума күнү украиналык армия орусиялык коргонуу линиясынын биринчисин жырып өткөнүн, бир катар жерлерде өтө кубаттуу орусиялык күчтөр менен кармашууга туура келгенин айтканын кабарлады.

Жазга белгиленип, жайдын башында башталган чабуулда, украин күчтөрү бир катар конуштарды бошотууга жетишти.

Батыш медиасы жума башында АКШнын администрациясындагы булактарына таянып, Киевди контрчабуулду жай жүргүзүп жатканы үчүн сындаган. Айрым эксперттер украин күчтөрү алга жылбаса, Батыш колдоосун токтотушу мүмкүн деген божомолун айтышкан.

Июнь айынын башында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужный The Washington Post гезитине интервью берип, украин чабуулу "шоу эмес экенин" белгилеген. Ал украин армиясы күн сайын ар бир метр жерди кан менен алып жатканын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG