Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:58

Таласта жолоочуларды сабоого шектүүлөр кармалды


Таласта Ошто өткөн көкбөрү оюнунан кийин жолдон өтүп бараткан төрт адамды токтотуп, негизсиз сабагандар кармалды.

Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта кармоо ишине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы көмөктөшкөнү жазылган. Окуядан кийин Манас районунун Чоң-Капка чек ара өткөрмө постунан Өтмөк ашуусунун аймагына чейинки аралыктагы автожолдо атайын посттор орнотулган.

31-августтан 1-сентябрга караган түнү төрт адамды белгисиз жарандар коркутуп, уруп жаткан видео интернетке тараган. Анда жолоочуларга кол көтөргөндөр Ош облусунда Кыргыз Республикасынын эгемендик күнүнө арналган көкбөрү оюнунун аягындагы чатак тууралуу сүйлөп жатканын угууга болот.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, видеодо бети канжалаган төрт жаран Ош облусунун тургундары болуп чыккан. Алар Орусиядан “Фольксваген-Гольф” үлгүсүндөгү автоунаа менен чыгып, Тараз-Талас-Суусамыр авто жолу аркылуу үйүнө бара жаткан.

Милиция жолоочуларды коркутуп, сабоого шектүү Талас облусунун 1995-жылы туулган төрт тургунун кармаган.

Учурда тергөө жүрүп, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ( Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты) козутуу менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалганы маалым болду.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн "Достук" жана "Ынтымак" командалары финалда ойногон. Чечүүчү кармашта "Ынтымак" 2:1 эсебинде жеңип алган. Мындан кийин айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.

Ош облустук милициясы 1-сентябрда бул жаңжалга байланыштуу 25 адам милицияда сурак берип жатканын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги чырда жети адам жараат алганын, алардын бири күч органдарынын кызматкери болгонунун, ал "мээси чайкалган" деген диагноз менен ооруканага жаткырылганын кабарлады.

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG