Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:45

Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын билдирди


Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков сотто. 10-ноябрь, 2022-жыл.
Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков сотто. 10-ноябрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков кыйноого кабылып жатканы тууралуу маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда Жээнбеков Эл аралык уюмдарга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Акыйкатчыга институтуна, укук коргоочуларга кайрылган.

"Беш күндөн бери күнүгө тинтүү болуп, эч мыйзамсыз буюм таба албай, бүгүн СИЗО-1 дин кызматчылары сыз, муздак, эч кандай шарты жок камерага камашты. Менин "сыз, муздак камерага жатууга ден соолугум жол бербейт" деп айтканыма карабастан жарым подвалга, 1-кабатка которушту. Түрмөгө камалгандан бери мени гана жалгыз төртүнчү жолу башка камераларга которуп, атайылап кыйноого алышууда. Бул кыйноону тергөө абагынын жетекчилери УКМКнын буйругу менен жасап жаткандарын билип эле турам", - деп айтылат жарыяланган билдирүүдө.

Азырынча бул боюнча Жаза аткаруу кызматы да, атайын кызмат да комментарий бере элек. Жээнбеков Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип, кийин камалган отузга жакын адамдын бири. Алар 2022-жылы октябрда тергөө абагына киргизилип, кийин айрымдары үй камагына чыккан. Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG