Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Багыш" өткөрмө бекети кайра ачылды


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Багыш" өткөрмө бекети он жылдан ашык убакыт жабык турган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Багыш" өткөрмө бекети он жылдан ашык убакыт жабык турган.

Ош облусуна караштуу Араван районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Багыш" өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады

"Соңку он жылдан ашык убактан бери жабык турган бул чек ара бекетин эки өлкөнүн башчыларынын тапшырмасы негизинде ачылып, Анжиян облусунун Мархамат району менен Ош облусунун Араван районунун үзүлүп калган карым-катнашы кайрадан жанданмакчы. Өткөрмө бекети бүгүндөн тарта атайын түзүлгөн графиктин негизинде иш алып барат",-деп жазылган маалыматта.

Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак району жана Өзбекстандын Ханабад шаары менен чектешкен жердеги "Бек-Абад" көзөмөл өткөрмө бекети ачылды.

Кыргыз-өзбек чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабык турган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери 2016-жылдан бери жакшыра баштагандан тарта гана ал бекеттер кайра ачыла баштаган.

Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы эки жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган.

Ушул жылдын сентябрынан тартып эки өлкөнүн жарандары чек арадан ички паспорт (ID карта) менен өтө алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG