Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Бишкекте окуучулар жыл сайын дээрлик тогуз миңге көбөйүүдө


Бишкек. Мектеп. Архивдик сүрөт.
Бишкек. Мектеп. Архивдик сүрөт.

Борбор калаа Бишкекте мектеп окуучуларынын саны соңку кездери жылына дээрлик тогуз миңге көбөйүп жатканын бүгүн 1-сентябрда мэриядан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, буга төрөлгөндөрдүн жалпы саны жогорулап жатканы жана ички миграция себеп.

“Борбор калаанын билим берүү системасы 103 жалпы билим берүү уюмунан (мектеп), 95 мектепке чейинки билим берүү уюмунан (бала бакча) жана 6 мектептен тышкаркы уюмдан турат. Жыл сайын окуучулардын саны орто эсеп менен 8589 балага өскөн динамика байкалууда, бул төрөлүүнүн жана ички миграциянын өсүшү менен байланыштуу”, - деп айтылат мэриянын басма сөз кызматынын маалыматында.

Быйыл Бишкекте жалпысынан 20 миң бала мектеп босогосун жаңыдан аттап, биринчи класска кирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө 150 миңдей бала 1-класска барды. 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, төрт спорттук зал ачылды. 2350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңдин тегерегинде.

Соңку эл каттоонун жыйынтыгында Кыргызстанда калктын саны 7 миллионго жеткени аныкталган. Бишкекте беш жыл мурда 965 миң адам катталган болсо, былтыр 1 миллион 120 миңден ашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG