Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:18

Президент Жапаров мамлекеттин келечегин көрө билерин билдирди


"Акылман" президенттик лицейи.
"Акылман" президенттик лицейи.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Чолпон-Ата шаарындагы "Акылман" президенттик лицейи тууралуу түшүндүрмө берди. Анда бул окуу жай мамлекеттин болочогу үчүн маанилүү экенин белгилеп, өзүнүн келечекти алдын ала көрө билген шыгы, туюму бар экенин, айтканы дайыма туура чыгарын билдирди.

"Башкы максатым - өлкөдөгү таланттуу, зирек, акылдуу балдар-кыздарды чогултуп, аларды 7-класстан баштап мектепти бүткөнгө чейин окутуп, ошол мектептен жогорку окуу жайларга жиберүү. Жогорку окуу жайларды бүткөндөн кийин ар бирин калтырбай мамлекеттик иштерге тартуу максатын көздөп турам. Антпесек Кыргызстан эгемен болгондон бери кадр даярдоо дегенди унутуп койгон. Тааныш-билиш, тууган-урук, жердешчилик жака ооп кеткенбиз. Биз фундаментинен баштап даярдайлы деп жатабыз. Ошондо гана Кыргызстандын келечегин бир кылым алдын ала көрө билген, келечегин аныктай ала турган кадрларды даярдап чыгабыз. Бул биздин мамлекеттин келечеги үчүн абдан маанилүү. Мен мактангандай болбоюн. Мамлекетибиздин эмне болоорун, кайсы жол менен кетсек түз жолго түшөөрүн 20-30 жыл алдын ала көрө билген жагым бар. Алдын ала айткандарым дайыма туура келип калат. Бул мага Кудай тарабынан берилген сезим болсо керек. Негизи ар бир адамда болот мындай алдын ала сезимдер. Учурда болуп жаткан жагдайларды көрүп туруп эле келечеги кандай болоорун божомолдоп койсоң болот",-деп айтты президент.

Чолпон-Атада 25-августта адистештирилген жалпы билим берүүчү “Акылман" президенттик лицейи ачылган жана салтанатка Садыр Жапаров катышкан.

Лицейдин директору Эмил Рыскулов Кыргызстандын бардык аймагынан чогулган 1,5 миң окуучунун арасынан 75 окуучу тандалып алынганын билдирген.

Билим берүү жана илим министрлигине караган мекемеге окуучулар 6-классты бүткөндөн кийин тапшырат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG