Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:38

Ташиев көкбөрүдө чыр чыгаргандар жазаланарын эскертти


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу көкбөрү оюнунун финалынан кийин чыр чыгаргандар жазага тартыларын билдирди.

Бул тууралуу 1-сентябрга караган түнү Ташиевдин социалдык тармактарга жарыяланган видео кайрылуусунда айтылат. Ал көкбөрү оюнунан кийин чыр чыгаргандарды кескин сынга алып, кыргызстандыктарды биримдикке үндөгөн.

Ташиев соңку окуя боюнча укук коргоо органдары териштирүү баштаганын, чагым баштоого шектүү адамдар аныкталып жатканын кошумчалады. УКМК төрагасы дал ушундай кырдаалда аймак аралык кастыкты козууга аракет кылгандар жазага тартыларын эскертти.

Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 32 жылдыгындагы Эгемендик күнү майрамына карата Ошто өткөн көкбөрү оюнунун финалдык беттешүүсү чыр-чатак менен коштолду.

31-августтун кечинде социалдык тармактарда Оштогу Төлөйкөн ат майданында жаалданган топ беттешүү өткөн талааны көздөй жүгүрүп баратканы чагылдырылган тасма тараган.

Күбөлөрдүн айтымында, оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым күйөрмандар ортодогу калысты ур-токмокко алышкан.

"Достук" жана "Ынтымак" командалары чечүүчү беттешүүгө чыгышып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин "Ынтымак" 2:1 эсебинде жеңип алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG