Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Ошто көкбөрү оюнунун финалында чыр чыкты


Көкбөрү оюнунан кийин. Ош
Көкбөрү оюнунан кийин. Ош

Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 32 жылдыгындагы Эгемендик күнү майрамына карата Ошто өткөн көкбөрү оюнунун финалдык беттешүүсү чыр-чатак менен коштолду.

31-августтун кечинде социалдык тармактарда Оштогу Төлөйкөн ат майданында жаалданган топ беттешүү өткөн талааны көздөй жүгүрүп баратканы чагылдырылган тасма тараган.

Күбөлөрдүн айтымында, оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым күйөрмандар ортодогу калысты ур-токмокко алышкан.

"Достук" жана "Ынтымак" командалары чечүүчү беттешүүгө чыгышып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин "Ынтымак" 2:1 эсебинде жеңип алды.

Улуттук оюнду чууга айландыргандарды социалдык тармакта сынга алып жатышат.

Бул окуя боюнча Ош облустук ички иштер бөлүмү комментарий бере элек.

Эгемендик күнүнө арналган салтанаттар быйыл Ош шаарында өткөрүлдү. (DS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG