Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Казакстан дрон чабуулунан улам Орусияга учуу кооптуу экенин эскертти


Qazaq Air компаниясына караштуу учак. 7-апрель, 2016-жыл.
Qazaq Air компаниясына караштуу учак. 7-апрель, 2016-жыл.

Казакстандын авиациялык администрациясы дрондордун чабуулдары тууралуу маалыматтардан улам Орусияга учуу кооптуу экенин эскертти.

Казак бийлиги маалымдагандай, Орусия менен Казакстандын ортосунда такай каттаган казакстандык SCAT жана Qazaq Air, орусиялык «Аэрофлот», «Азимут» жана Red Wings компанияларынын каттамдарына коркунуч жаралышы мүмкүн.

Орусиянын Коргоо министрлиги 31-августта билдиргендей, абадан коргонуу күчтөрү Москваны карай багытталган украин дронун атып түшүрдү. Орус баш калаасынын мэри Сергей Собянин маалыматты ырастап, жабыркагандар жок экенин Телеграм аркылуу билдирди.

Москвадагы Внуково жана Домодедово аэропорту түнү убактылуу жабылып, 31-августта эртең менен кайра ишин жандантты.

Соңку жумаларда дээрлик күн алыс орус бийлиги баш калаа дрон чабуулуна кабылганы тууралуу маалыматтарды таратып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG