Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес кызматтан кетти


Кызматтан кеткенин жарыялаган Британиянын экс-коргоо министри Бен Уоллес. Киев. 24-май, 2023-жыл.
Кызматтан кеткенин жарыялаган Британиянын экс-коргоо министри Бен Уоллес. Киев. 24-май, 2023-жыл.

Британиялык саясатчы Бен Уоллес 31-августта Коргоо министрлигинин башчылыгынан кеткенин ырастады. Өз чечими тууралуу ал өкмөт башчы Риши Сунакка кат аркылуу билдирген.

Уоллес мекемени 2019-жылдан бери жетектеп келген. Орусиянын агрессиясына каршы турууда Киевге колдоо көрсөтүү чечимдеринин баары анын башкаруусунда кабыл алынган.

Уоллес кызматтан кетүү ниетин өткөн айда эле кыйыткан. Ал жакында өтчү шайлоого катышууну дагы көздөбөйт. Рейтер агенттиги жазгандай, Уоллес «жаңы мүмкүнчүлүктөрдү» караштырып көрөрүн айткан.

Сунакка жазган катында Уоллес мындан ары дагы британ өкмөтүнө жардамын аябастыгын убада кылган. Кабинет башчысын коргонууга каражат аябоого чакырган.

Рейтер өз булактарына таянып кабарлагандай, Уоллес НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин ордун ээлеп калууну көздөп жүргөн. Бирок Столтенбергдин мөөнөтү дагы бир жылга узартылды.

Британия Батыш өнөктөштөрүнөн алгачкылардан болуп Киевге алдыңкы курал-жабдыктарды, анын ичинде Challenger 2 танктарын жана Storm Shadow канаттуу ракеталарын жөнөткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG