Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Футбол: “Барселонанын” мурдагы оюнчулары 3:0 эсебинде утту


“Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары Борбор Азиянын ардагер футболчулары менен ойноду. 30-август, 2023-жыл.
“Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары Борбор Азиянын ардагер футболчулары менен ойноду. 30-август, 2023-жыл.

30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык “Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары Борбор Азиянын ардагер футболчулары менен ойноду. Оюнда 3:0 эсебинде "Барселонанын" оюнчулары утту.

Беттештин башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Ал 29-августта Жалал-Абад шаарында “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылганын, академия 10-15 жылда жемишин берип, Кыргызстанда да дүйнөлүк деңгээлдеги футболчулар тарбияланып чыгарын айтты.

Президент Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын катарында “Барселонанын” мурдагы футболчуларына каршы ойноду.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылган.

Иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келген.

Оюнга келген күйөрмандар
Оюнга келген күйөрмандар

30-августта Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG