Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

“Барселонанын” мурдагы оюнчулары менен Борбор Азиянын ардагер футболчулары беттешүүдө


“Барселонанын” мурдагы оюнчулары менен Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын оюну. 30-август. 2023. Бишкек.
“Барселонанын” мурдагы оюнчулары менен Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын оюну. 30-август. 2023. Бишкек.

30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык “Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары Борбор Азиянын ардагер футболчулары менен ойноп жатат. Ушул саатка карата 2:0 эсебинде "Барселонанын" оюнчулары алдыда.

Беттештин башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Ал 29-августта Жалал-Абад шаарында “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылганын, академия 10-15 жылда жемишин берип, Кыргызстанда да дүйнөлүк деңгээлдеги футболчулар тарбияланып чыгарын айтты.

Президент Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын катарында “Барселонанын” мурдагы футболчуларына каршы ойноп жатат.

29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылган.

Иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келген.

30-августта Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG