Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:27

Бишкек: мектеп директорлорунун бири пара алууга шек саналып кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкектеги мектептердин биринин директору пара алып жатканда кармалганын билдирди. Атайын кызмат ал балдарын 1-класска киргизген ата-энелерден акча жыйнаган коррупциялык схема түзүп алганын маалымдады.

"УКМК бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("опузалап пара талап кылуу") менен кылмыш ишин козгоп, К.А.Т. аттуу мектеп директорун тергөө абагына киргизди. Ал баюу максатын көздөп, билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишип алып, балдарды 1-класска кабыл алууда коррупциялык схема уюштуруп алган. Натыйжада баласын мектепке жаңы берген ата-энелерден опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса, баланы мектепке киргизбесин айтып коркуткан. УКМК Бишкекте ушундай фактылар көп экенин белгилейт жана коррупциялык схемаларды жок кылуу иштери уланып жатканын эскертет",- деп жазылган маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлиги жана шаардык мэрия буга байланыштуу комментарий бере элек.

Ушул жылдын май айында президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Анын негизинде мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга, коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынган. Ага жол берген мектеп директорлорунун жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралары эскертилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG