Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Бакиров добуш сатып алуу иши боюнча суракка чакырылганы белгилүү болду


Өмүрбек Бакиров. Архивдик сүрөт
Өмүрбек Бакиров. Архивдик сүрөт

Парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакиров 29-августтун кечинде Ош облустук милициясына сурак берип чыкты. Буга чейин ал өзүн милиция кызматкерлери алып кетип баратканын жана кайсы ишке байланыштуу чакырылганынан кабары жоктугун билдирген.

Дээрлик төрт саатка созулган сурактан чыккандан кийин Бакиров "Азаттыкка" маалымат бербөө тууралуу кагазга кол коюп чыкканын айтуу менен чектелди.

Адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ал 2021-жылдагы шайлоодогу добуш сатып алуу ишинин негизинде сурак бергенин жана коюлган айыптар менен макул эмес экенин маалымдады.

Адвокаттын айтымында, Өмүрбек Бакировго кагаз түрүндө чакыруу келген эмес, оозеки айтылган. Сурак 30-августта уланат.

Милиция бул боюнча комментарий бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.

Жогорку Сот 18-августта ал шайланып келген Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо бул округдан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында сотко Бакировду добуш сатып алууга айыптап кайрылган жана анын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Бакиров анда “Азаттыкка” комментарий берип жатып, муну Кемпир-Абад маселесинде мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Өмүрбек Бакиров парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарылып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болгон. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG