Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Пригожиндин сөөгү Санкт-Петербургда жерге берилди


"Вагнер" аскердик менчик компаниясынын кеңсесинин алдындагы мемориал. 24-август, 2023-жыл
"Вагнер" аскердик менчик компаниясынын кеңсесинин алдындагы мемориал. 24-август, 2023-жыл

"Вагнер" аскердик менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинди 29-августта Санкт-Петербургдун Порохов көрүстөнүнө коюшканын ишкердин маалымат кызматы билдирди. Кабарга караганда, маркум менен коштошуу жабык өттү.

Көрүстөндүн расмий өкүлдөрү MSK1 Телеграм-каналына билдиришкендей, ишкерди Москва убактысы менен саат 16да жерге беришти.

"РИА Новости" агенттигинин булактары коштошууну жабык өткөрүүнү Пригожиндин туугандары каалаганын айтышты. Зыйнатка маркумдун үй-бүлөсүнөн тышкары жакын достору гана катышты.

«Вагнердин» негиздөөчүсү жана дагы 9 киши отурган учак 23-августта Тверь облусунда кулап түшкөн.

Москванын Украинадагы согушуна жалданма жоочуларды тарткан Пригожиндин эки ай мурда болгон Кремлге каршы козголоңун эске алганда, ал атайылап эле жок кылынган болушу мүмкүн деген версиялар айтылып, Кремль муну четке каккан.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин Пригожиндин жаназасына катышпасын буга чейин билдирген. Маркум президенттин жакын санаалаштарынан болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG