Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:00

Ахунбаевге, Сүйөркуловго, Исановго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы берилди


Иса Ахунбаев. Архивдик сүрөт
Иса Ахунбаев. Архивдик сүрөт

Медицинанын жана илимдин калыптанышына, өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн академик, хирург Иса Ахунбаевге көзү өткөндөн кийин “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен ушундай эле белги менен наамдар көзү өткөндөн кийин советтик мамлекеттик жана партиялык ишмерлер Абды Сүйөркуловго, Насирдин Исановго мамлекеттин жана кыргыз элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгектери үчүн берилди.

Кыргыз Республикасында жүрөк жана кан тамырларды хирургиялык жол менен дарылоону негиздеген хирург Иса Ахунбаев “Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер”, “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери” деген жогорку наамдарга ээ болуп, көптөгөн орден-медалдар менен сыйланган. 1975-жылы 68 жашында жол кырсыгына кабылып, аялы, кызы жана кайын атасы менен чогуу каза болгон.

Абды Сүйөркулов 1912-жылы 12-декабрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкен айылында туулган. 1992-жылы 80 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы, бир нече чакырылыштагы депутаты, соода министри, ошол учурдагы министрлер кеңешинин төрагасы сыяктуу бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Бишкек-Ош жолунун алгачкы долбоорун түзгөн.

Насирдин Исанов эгемен Кыргызстандын туңгуч премьер-министри болгон. Ал 1991-жылы 48 жашында Бишкек-Ош жолунда табышмактуу жагдайда жол кырсыгында каза тапкан. Кырсыктын башка катышуучулары аман калган.

Анын ошол маалдагы Кумтөр алтын кенин ишке киргизүүдө башкалардан айырмаланган принципиалдуу позициясы жана тиешелүү документтерге кол коюп бербегени табышмактуу өлүмүнө себеп болгон деп сыпатталып келет.

Исановдун 80 жылдык мааракеси Ошто 31-августта белгиленет.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG