Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:55

БУУ: Украинадагы согушта 9 миң 511 карапайым киши каза тапты


Донецк облусунун Словянск шаары орус армиясынын чабуулунан кийин. 14-апрель, 2023-жыл
Донецк облусунун Словянск шаары орус армиясынын чабуулунан кийин. 14-апрель, 2023-жыл

БУУ Орусия согуш ачкан былтыркы февралдан бери Украинада 9 миң 511 карапайым кишинин өмүрү кыйылганын, жалпы 21 миңден ашуун жайкын тургун жапа чеккенин билдирди.

Уюмдун мониторинг миссиясы тараткан маалыматка караганда, 1-27-август күндөрү ар кыл чабуулдар 585 карапайым кишинин, арасында жашы жете элек беш баланын өмүрүн кыйды. Эксперттер уруш жүрүп жаткан айрым жерлерден маалымат алуу кыйын болгондуктан, курмандыктардын санын так аныктоо мүмкүн эмес деп эскертишет.

Маалыматка караганда, жөн-жай адамдар негизинен артиллерия, танк, баллистикалык жана кадыресе ракеталардын аткылоосунан, абадан урулган соккулардын, анын ичинде дрондордун кесепетинен каза табууда.

Ал эми Украинанын Башкы прокуратурасы былтыркы жылдын 24-февралынан бери 503 бала өмүр менен кош айтышты, 1117ден көбү жараат алды деп билдирди. Кеңсе бул маалымат дагы толук эместигин белгилейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG