Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Улуттук банк учурда 50 тоннадай алтын сакталып турганын билдирди


Улуттук банктын имараты, архивдик сүрөт.
Улуттук банктын имараты, архивдик сүрөт.

Улуттук банкта 31-июлга карата баасы 2,5 миллиард доллардан ашкан 49,8 тонна алтын сакталып турат. Бул тууралуу аталган банктын башкармалыгынын жетекчиси Азат Козубеков 29-августта басма сөз жыйынында билдирди.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев июлда жыл башынан бери сыртка 3,97 тонна алтын сатылганын маалымдаган. "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде алтын сатуу-алууга байланыштуу соңку жагдайды түшүндүрүп, алтынды сатып алуу тууралуу "Кумтөр" компаниясы менен аталган банктын келишими жоктугун айткан.

"Улуттук банк Кыргызстандын аймагында казылып алынган жана өндүрүлгөн алтынды сатып алууга байланыштуу операцияларды мезгил-мезгили менен жүзөгө ашырат. Бул операциялар алтын өндүрүүчү ишканалар менен Улуттук банктын ортосунда алтынды сатып алуу-сатуу боюнча түзүлгөн башкы келишимдердин алкагында гана жүргүзүлөт. "Кумтөр Голд Компани" менен Улуттук банктын ортосунда эч кандай келишим түзүлгөн эмес", - деген Бөкөнтаев.

Ушул жылдын башында Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева мекеменин карамагындагы алтын 2021-2023-жылдар аралыгында өлкөдө өндүрүлгөн алтынды сатып алуу жолу менен топтолгонун билдирген.

Былтыр ноябрда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде Кумтөрдө өндүрүлгөн алтындын баары Улуттук банкта сакталып турганын, Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй көлөмдө жыйналып жатканын айткан.

Анын алдында Улуттук банк Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19 тонна алтынды 1 миллиард доллардан ашык акчага сатканы, анын 700 миллиондой доллары акчанын курсун кармап туруу үчүн интервенцияга жумшалганы белгилүү болгон. Бул жагдай тууралуу Жогорку Кеңеште сөз болуп, сын айтылган.

2022-жылы августта “Азаттык” Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын сатылышына байланыштуу макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы жөнүндө айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG