Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:20

"Эл үмүтү" стипендиясы быйыл 17 адамга тапшырылды


Британиядагы Сассекс университетинде магистратурада окууга стипендия алган Сапаргүл Абдинабиева.
Британиядагы Сассекс университетинде магистратурада окууга стипендия алган Сапаргүл Абдинабиева.

28-августта жаштардын чет жакта билим алуусуна колдоо көрсөтүүнү көздөгөн президенттик “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын кезектеги жеңүүчүлөрүнө сертификат тапшырылды. Ага катышкан өкмөт башчы Акылбек Жапаров “билимге, саламаттыкты сактоого жана маданиятка салым кошуу адамдык капиталды өнүктүрүү аркылуу эң жакшы инвестиция” экенин белгиледи.

Республикалык комиссиянын элегинен өткөн 17 жаран 2023-2024-окуу жылында дүйнөдөгү 100 эң мыкты университетке кирген окуу жайларга магистр жана докторлук даражаны алуу үчүн кетет. Бул максатта президенттик фонддон 60 миллион сомдой каражат бөлүнүүдө. Былтыр мындай мүмкүнчүлүк 9 кыргызстандыкка берилген.

"Эл үмүтү" стипендиясын президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 10-майында негиздеген. Башкы максат жаштардын билимге болгон шыктануусун арттыруу, жаңы муундун заманбап адистерин даярдоо экени белгиленген.

Быйыл бул программага кирбей калгандар нааразылыгын билдирип, өлкө жетекчилигине кайрылышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG