Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:27

Bloomberg: Эрдоган кийинки аптада Орусияда Путин менен жолугат


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. Сочи. 5-август, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. Сочи. 5-август, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кийинки аптада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугарын Bloomberg агенттиги түрк өкмөтүндөгү өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Эрдоган Орусияга 8-сентябрга чейин, Нью-Делидеги «Чоң жыйырманын» саммитин утурлай барышы ыктымал.

Түркиянын президентинин администрациясы комментарий берүүдөн баш тартты. Эрдоган Путин менен дан келишимин жандантуу маселесин талкуулайт. Мурдараак түрк президенти келишим Путиндин Анкарага жасаган сапарынан кийин жанданышы мүмкүн экенин айткан эле.

Москва июль айынын соңунда Украинадан Кара деңиз аркылуу дан экспорттоого жол берген келишимден чыгып кеткен.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү улам узартылып, 17-июлда токтоду. Бул аралыкта Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG