Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:15

АКШ менен Кытайдын соода министрлери Бээжинде жолугушту


Кошмо Штаттардын соода министри Жина Раймондо менен Кытайдын соода министри Ван Вэнтаонун жолугушуусу. 28-август, 2023-жыл. Бээжин.
Кошмо Штаттардын соода министри Жина Раймондо менен Кытайдын соода министри Ван Вэнтаонун жолугушуусу. 28-август, 2023-жыл. Бээжин.

Кошмо Штаттардын соода министри Жина Раймондо Бээжинде кытайлык кызматташы Ван Вэнтао менен 28-августта жолукту. Раймонд соңку эки ай ичинде Бээжинге барган Байдендин администрациясындагы төртүнчү жогорку даражалуу аткаминер. Буга чейин мамлекеттик катчы Энтони Блинкен, каржы министри Жанет Йеллен, АКШнын климат маселелери боюнча атайын чабарманы Жон Керри Кытайда болгон.

Раймонддун сапары 30-августка чейин созулат.

Вашингтон учурда дүйнөнүн алдыңкы эки экономикасынын ортосундагы чыңалууну жайгаруунун үстүнүн иштеп жатканы кабарланып келет.

АКШнын президенти Жо Байден ал быйыл Кытайдын лидери Си Цзинпин менен жолугууну көздөп жатканын жакында эле айткан.

Эки державанын алакалары соңку жылдары адам укуктары, Тайван маселеси, соода тарифтери, технология маселесинен улам начарлап кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG