Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:51

Салыктык текшерүүлөрдүн мораторийи жоюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда салык органдарынын текшерүүлөрү убактылуу мораторий киргизилген текшерүүлөр тизмесинен чыгарылды. Өкмөттүн бул тууралуу токтому 14-августта кабыл алынганы “Токтом” маалыматтык-укуктук порталына жарыяланды.

Ошентип, салык органдарына бизнести текшерүүгө тоскоолдук болуучу талап жоюлду.

Кыргызстанда бюджеттин негизги бөлүгүн салыктан жана Кумтөрдөн түшкөн каражат түзөт.

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда быйылкы жылдын беш айында Кумтөр алтын кенинен мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешенин көлөмү азайганын 17-августта билдирген. Банктын эсебинде, мамлекеттик бюджеттин кирешеси 4,2%, салыктан түшкөн каражат 1,9% көбөйдү, чыгаша 4,5% өстү.

Мамлекеттик салык кызматы сентябрдан тартып автоунаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салына баштай турганын эскерткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG