Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:31

Көк-Мойнок-1 айылында 30дай үйдү, короо-жайды сел каптады


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылында селдин кесепетин жоюу уланып жатканын билдирди. Алдын ала маалыматка ылайык, 27-августтагы кыска мөөнөттөгү нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттон келген топон суу 30дай үйдү, короо-жайды, жер төлөлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор бузулду.

"Жеринде кечетен бери куткаруучулар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте сел суулары тазалоо иштерин улантып жатат. Бүгүн 28-августта жалпысынан 17 куткаруучу тартылды",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Ага ылайык, күндүн ырайы кескин өзгөрүп, 27-28-август күндөрү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, тоолуу райондордо жаан карга айланат жана айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу ыктымал.

Ушул айдын башында Түп районундагы Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарын сел жүрүп, жалпысынан 150дөй үйдү, кароону топон суу каптаган, көпүрөлөр, чарбалык жолдор бузулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG