Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Херсондогу чабуулда бир адам каза тапканы такталды


Жекшембиде орус армиясынын чабуулунан Украинанын Херсон облусунда 35 жаштагы келин каза болгону аныкталды. Ал Тягинск кыштагынын тургуну экени облустук аскердик администрациянын Телеграм каналында кабарланды. Аталган айылда дагы бир адам жараат алып, ооруканага түштү.

27-августта орус күчтөрү Херсондун бир катар райондоруна башкарылуучу авиабомба таштаганы маалымдалган.

Баштапкы кабарларга ылайык, Дарьевка, Казацкий жана Одракаменки райондору чабуулга кабылган. Курмандыктар жана кыйроолор тууралуу маалымат такталып жатат.

Орус аскерлери дээрлик күн сайын Херсондун оккупацияланган бөлүгүн аткылоодо. Далилдерге карабастан, Москва карапайым элге чабуул жасалганын четке кагып келет.

Бир күн мурун Харьковдогу соккудан эки кишинин өмүрү кыйылган.

Украинада 27-августта кайрадан абадан жапырт эскертүү жарыяланган. Бул күнү Киев облусунда Орусиянын төрт канаттуу ракетасы жок кылынганын өлкөнүн Аскер-аба күчтөрү билдирген. Ал эми Орусия өз аймагына эки жолу учкучсуз учак сокку урганын маалымдап, бул үчүн Киевди күнөөлөдү. Курск шаарындагы көп кабаттуу үйгө дрон кулап, терезелер талкаланганы айтылууда.

"Азаттык" радиосу согуш маалындагы кабарларды дароо көз карандысыз булактардан тактай албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG