Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Тоңдогу Көк-Мойнок-1 айылында селдин кесепетин жоюу уланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-августта нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ысык-Көлдөгү Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылында сел жүргөнүн, анын кесепетин жоюу жүрүп жатканын билдирди.

"Кыска мөөнөткө катуу жааган жаандан улам Чүй дарыясынын суусу ташып, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү каптоо коркунучу жаралган. Жалпысынан 26 куткаруучу, алты техника тартылып, селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет",-деп билдирди министрлик.

Мунун алдында Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Ага ылайык, күндүн ырайы кескин өзгөрүп, 27-28-август күндөрү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, тоолуу райондордо жаан карга айланат жана айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу ыктымал.

Ушул айдын башында Түп районундагы Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарын сел жүрүп, жалпысынан 150дөй үйдү, кароону топон суу каптаган, көпүрөлөр, чарбалык жолдор бузулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG