Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:31

Британ чалгын кызматы: Кара деңизде украин-орус күчтөрү салгылашууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Кара деңизде аннексияланган Крым менен Одессанын ортосундагы стратегиялык маанилүү газ жана мунай платформалары үчүн Украина менен Орусиянын деңиз жана аба күчтөрү салгылашып жатат. Бул тууралуу Британиянын Коргоо министрлиги чалгындоо маалыматтарына таянуу менен билдирди.

Орус күчтөрү 2014-жылы Крымды аннексиялап, "Черноморенефтегазды" басып алган. Британ министрлигинин Твиттерге жарыяланган маалыматына ылайык, өткөн аптада Орусиянын согуштук учагы деңиздин түндүк-батышында Украинанын аскердик кемесин аткылаган. Украина орустар көзөмөлдөгөн платформаларга сокку урган.

Британ тарап платформаларда баалуу көмүр суутек ресурстары бар экенин белгилейт.

Украин аскерлеринин Орусия ээлеп алган "Черноморенефтегаздын" бургулоо жабдууларына чабуул коюп келатканы былтыр июндан бери айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG