Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Президент Жапаров Конев менен уулу кандайча тааныш экенин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 26-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “ПолитКлиника” басылмасынын “Бакиевдердин мурдагы бизнес-өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар” аттуу иликтөөсү тууралуу комментарий берди. Анда материалдагы “СК-девелопмент” компаниясынын жетекчиси Алексей Конев менен уулу Рустамдын байланышы бар экенин бышыктады.

“Конев дегенди мурда тааныбайт элем. Камалгандан кийин билдим. "Керемет банктан" 3 миллион доллардын тегерегинде кредит алып төкпөй кетип камалыптыр. "Керемет банк" өзүңөр билесиңер мамлекеттик банк. Кредиттин баарын толук төктүрдүк. “Аврора Плюстагы” Максим Бакиевдики делген 4 коттежди, 33 квартиранын баарын мамлекетке өткөзүп алдык. 2010-жылдан бери аттарын атабай эле коеюн, үлкөн чиновниктер рейдерлик кылып ээлеп олтурушуптур. Ошентип иликтөөлөрдүн негизинде “СК-девелопмент” деген компаниясы Кош-Көл айылына гольф клуб салам деп, 92 гектар жерди конкурстан утуп алыптыр. Ал жерди киши жиберип текшертсем, тагдыры Жогорку Нарын ГЭС каскадынын тагдырын кайталаганы калыптыр. "Бисимилла" деп иш баштаганда эле курулуштун баасын 10 эсеге чейин жогору көрсөтүп кура башташкан экен. Дагы жакшы курулуш жаңы башталган экен. Дароо токтотуп калдык. Эгер тим койсок бир эки имаратты бир миллион долларга салып туруп, курулушту токтотуп коюп 10 миллион долларга салдым, ким катышам десе же сатып алам десе 10 миллион бергиле деп олтура бермек. Ошентип ал жер да Жогорку Нарын каскад ГЭСиндей болуп биздин мамлекеттин мойнуна илинмек. Биз азыр ошол Нарын ГЭС боюнча 40 миллион доллардан ашык сумма Орусияга карызбыз. Эл аралык соттон утулганбыз. Анан ушул сыяктуу 92 гектар Кош-Көлдүн жерин дагы уттуруп жиберип олтуруп калабызбы деп Рустамды жиберип, көзөмөлдөтүп койдум. Курулуш аягына чыкканга чейин көзөмөлдөп, курулуштун баасын текшерип турат”,- деген Жапаров.

Ал ошондой эле уулу президенттин баласы катары ишеним жаратып, инвестиция тартууга көмөктөшүп жатканын жарыялады.

“Уулумду жибергеним жакшы эле болгон экен. “СК-девелопмент” курулушту аягына чыгара алмак эмес экен. Акчалары жок. РКФРдан кредит алабыз деп арыз беришкен экен. Алар баш тартып, бербептир. Анткени тарыхы начар да. "Керемет банктан" насыя алып төкпөй кеткени бар. Азыр Рустам инвесторлорду тартып жатат. Президенттин баласы деп ишенген үчүн келип атышса керек. Бир инвестор келип, иш баштагандары боюнча кабарым бар. Ушул жерден дагы бир жолу кайталап коеюн. Колуңардан келсе ар бир кыргыз жараны чукуламайды токтотуп, өлкөгө инвестор тарткыла. Эң негизгиси Жапаров-Ташиевдер мамлекетке бир тыйын зыян келтирбейт. Муну көзөмөлдөгөнгө ал-күчүм жетет. Тескерисинче сырттан мамлекетке ташып келерине ишенем. Мурдагылардын катасын кайталабайбыз”,-деген президент.

“ПолитКлиника” 25-августта Ысык-Көлдөгү “Аврора Плюс” эс алуу жайынын мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз чыгарып алуу фактысынан улам козголгон кылмыш иши тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда бул иштин алкагында кармалган адамдардын арасындагы “СК-девелопмент” компаниясынын жетекчиси Алексей Конев менен президенттин уулунун байланышын аныктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG