Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:15

Робин Орд-Смиттин сөөгүнүн күлү Сарычат-Ээрташ коругуна чачылды


Робин Орд-Смит былтыр сентябрда 57 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Робин Орд-Смит былтыр сентябрда 57 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси, Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы, маркум Робин Орд-Смит калтырган керээзинин негизинде анын сөөгүнүн күлү Ысык-Көлдөгү Сарычат-Ээрташ коругуна чачылды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Маалыматка караганда, Робин Орд-Смит ак илбирс, улар байырлаган бул аймакка көз жумарына төрт ай калганда барган жана жаратылышка аябай суктанган.

Ал былтыр сентябрда 57 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Робин Орд-Смит 2019-жылы Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон Бизнес-акыйкатчы болуп шайланган.

Ага чейин Алжирде, Румынияда, Малайзияда, Германияда, Жапонияда жана Иракта көптөгөн дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Британиянын Тажикстандагы элчиси болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG