Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:45

Харьковдо Орусиянын чабуулунда эки адам мерт болуп, бирөө жараат алды


Ага чейин Купянскиде украин аскерлери орус күчтөрүнүн батышка карай жүрүүсүн токтотуп, туруштук берип жатканы кабарланган. Иллюстрациялык сүрөт.
Ага чейин Купянскиде украин аскерлери орус күчтөрүнүн батышка карай жүрүүсүн токтотуп, туруштук берип жатканы кабарланган. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын 26-августтагы чабуулунан Украинанын Харьков облусунда Купянск районунда эки адам мерт болуп, дагы бир тургун жараат алды.

Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов орус армиясы аталган райондогу Подолы айылын аткылаганын, снаряд кафелердин бирине тийгенин билдирди.

Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Мунун алдында Британиянын чалгын кызматы Орусия жакынкы күндөрү Купянск-Лиман багытындагы чабуулдарын күчөтүшү ыктымалдыгын билдирген.

Ага чейин Купянск аймагында украин аскерлери орус күчтөрүнүн батышка карай жүрүүсүн токтотуп, туруштук берип жатканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG