Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:24

Чукул кабар: Нарында үшүк жүрөт, тоолуу аймактарда жаан карга айланат


Нарын облусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Нарын облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, күндүн ырайы кескин өзгөрүп, 27-28-август күндөрү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, тоолуу райондордо жаан карга айланат жана айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу ыктымал.

28-29-август күндөрү абанын температурасы төмөндөйт. Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23, Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6, айрым жерлеринде 0…-2 суук, күндүз 13…18. Тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градуска чейин болушу ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

"Мындай туруксуз аба ырайы айдооучулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат. Нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн" деп жазылган маалыматта.

27-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-августта айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 24…29,

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 25…30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26,

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12.

Бишкекте күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын түнкү температурасы 17…19, күндүз 25…27 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG