Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:50

Дания өкмөтү Куранды өрттөөгө тыюу салган мыйзам сунуштарын билдирди


Данияда Курандын өрттөлүшүнө наарызылык билдирип чыккан йемендиктер. Сана, 24-июль, 2023-жыл.
Данияда Курандын өрттөлүшүнө наарызылык билдирип чыккан йемендиктер. Сана, 24-июль, 2023-жыл.

Даниянын өкмөтү диний китептерди, анын ичинде Куранды, Библияны жана башкаларды өрттөөгө тыюу салган мыйзамды сунуштоону көздөп жатат. Ага ылайык, диний китептерди өрттөгөндөргө кылмыш иши козголуп, эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бул тууралуу 25-августта юстиция министри Петер Хуммельгорд билдирди. Ал Куранды өрттөө акцияларын "чет жакта жана өлкө ичинде даниялыктардын коопсуздугуна коркунуч келтирген мазактоо актысы" деп атады.

Учурда коңшу Швециянын бийлиги да ушуга окшош чара киргизүүнү караштырып жатат.

Июнь-июль айларында Скандинавиядагы эки мамлекетте бир нече жолу Куранды өрттөө акциялары өткөн. Буга байланыштуу ондогон мусулман өлкөлөрүндө нааразылык митингдери өтүп, Швеция менен дипломатиялык алаканы үзүү боюнча чакырыктар жаңырган.

Кыргызстан бул маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолун табууга үндөгөн.

Көп өтпөй Дания менен Швеция Куран китебин өрттөөгө жол бербөөнүн "юридикалык жолдорун" караштырып жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG