Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:12

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


27-28-29-августта Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 27-августунда күндүз жана 28-августуна көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

28-29-августта абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде 0…-2° үшүк, күндүз 13…18° болот. Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз 1…6° ка чейин төмөндөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

26-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25,

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы 19…21, күндүз 33…35 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG