Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:33

Дональд Трамп камалып, күрөөгө бошотулду


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 24-августта формалдуу түрдө камалып, ошол эле күнү дароо күрөөгө бошотулду. Формалдуу процедура Атланта шаарынын түрмөсүндө жүргүзүлдү.

Атланта шаарында Жоржия штатынын Фултон округдук прокуратурасы жайгашкан. Аталган мекеме жакында Трамка 2020-жылдагы президенттик шайлоонун бул округдагы жыйынтыгын бурмалоо максатында көмүскө келишимге барган деген негизде айып таккан.

Трамп Атлантага Нью-Жерсиден жеке учагы менен барды. Аны полиция кызматкерлеринин коштоосунда түрмөгө жеткирип, бардык кармалгандар үчүн милдеттүү талаптардан өткөрүштү - манжа изин алып, сүрөткө тартышты. Атлантага учуп баргандан 20 мүнөт өткөндөн кийин ал аэропортко кайтып барып, журналисттердин алдында билдирүү жасады.

Трамп мыйзамга каршы эч нерсе жасабаганын айтып, коюлган айыпты “сот адилеттигинин пародиясы” деп атады жана "Биз калыс өткөн жок деп эсептеген шайлоонун жыйынтыгынан күмөн саноого толук укугубуз бар болчу” деп белгиледи.

Жоржия сотунун чечими боюнча Трамп 200 миң долларлык күрөө менен коё берилди.

Жоржия штатынын мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу 13 айып тагылган 18 кишинин арасында Трамптан тышкары анын кеңешчилери жана жардамчылары да бар. Соттук териштирүүнүн өзү 23-октябрда башталмай болууда.

Бул Кошмо Штаттарынын 45-президентине карата козголгон төртүнчү кылмыш иш боюнча тагылган айып болуп калды.

Кылмыш иши 2021-жылы январда Трамптын аталган штаттын республикачыл катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент өз пайдасына "11 780 добуш" таап берүүгө жардамдашууну суранган.

2020-жылдагы шайлоодо Жоржияда Жо Байден уткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG