Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

Европарламенттин мүчөсү Орусияга каршы санкцияларды аткарбоонун кесепетин эскертти


Европарламент Орусияга каршы санкцияларды сактабагандарды кескин айыптайт. Бул тууралуу Кыргызстанга сапар менен келген Европарламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер 24-августта журналисттер үчүн брифингде билдирди. Ал Евробиримдиктин санкциялары эң ириде Украинага кол салганы үчүн Орусияга багытталганын белгилеп, башка өлкөлөр аны кыйгап өтүүгө көмөктөшпөшү керектигин эскертти:

"Эл аралык санкциялар Кыргызстанга эмес, Орусия, Беларус сыяктуу агрессор өлкөлөргө багытталган. Биз Кыргызстандын абалы, анын ЕАЭБ, ЖККУ сыяктуу уюмдарга мүчө экенин билебиз. Бирок кандай гана мамлекет болбосун санкцияларды аткарбоо аракетин айыптайбыз. Бул санкциялык тизмеге туш болгон товарларды экспорттоо жана импортоого аракетине байланыштуу", - деди Макаллистер.

Европарламенттин мүчөсү санкцияларга байланыштуу маселе президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда талкууланганын кошумчалады. Ал санкциялык тизмеге кирген товарлар кыйгап өтүүчү жолдор аркылуу Орусияга жеткирилбесе эле санкциялар өз максатына жетерин билдирди.

Европарламентте Борбор Азиядагы өлкөлөргө байланыштуу бир катар статистикалык маалыматтар бар экенин жана бул жаатта иштеп жүрүп жатканын билдирди.

Украинадагы согуш ачканы үчүн Евробиримдик, АКШ Орусияга катаал санкцияларды киргизген. Буга чейин бул өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү Кыргызстанга сапар менен келип, Орусияга аталган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшпөөнү эскерткен.

Өткөн айда болсо АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган.

Аталган мекеменин маалыматында, "кара тизмеге" илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Ага чейин АКШ Кыргызстандагы "Тро, Я" аттуу компанияга да санкция салган.

Мындан соң кыргыз бийлик өкүлдөрү АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө жүргүзүп жатканын кабарлашкан.

"Кара тизмеге" киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG