Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:08

Президент Жапаров ЕБ менен кызматташтык жөнүндө келишимди талкуулады


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Европа Парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегацияны кабыл алды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Европа Парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегацияны кабыл алды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Европа Парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты талкуулап, “өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү” келишим дагы сөз болду.

“Президент ЕБ менен кызматташууну мындан ары да чыңдоого үмүттөнөрүн билдирди жана кол коюуну күтүп жаткан Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун негизги ролун белгиледи. Бул кызматташтыктын негизги багыттарынын бири экономиканы өнүктүрүү болуп саналат”, - деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Сүйлөшүүдө Дэвид Макаллистер Кыргызстан тарапты Брюсселге иш сапары менен барууга чакырган.

Буга чейин Бишкекте өткөн брифингде Дэвид Макаллистер Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу үчүн өлкө президенти Садыр Жапаров Брюсселге чакырылганын билдирген. Макаллистер Кыргызстан шаркеттин Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөшү экенин белгилеген.

27 өлкөнүн башын бириктирген ЕБ менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Жаңыртылган макулдашуу тууралуу сөз 2017-жылдан бери айтылып келет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жаңы келишимге кол коюлганы жатканы тууралуу соңку маалыматы былтыр 13-апрелде жарыяланган. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция, туруктуу өнүгүүгө бурулары айтылууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG