Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:03

Reuters: Москва санкциядан буйтап, тажик компаниялары аркылуу учак тетиктерин алган


"Урал аба каттамдары" авиакомпаниясынын учактары Екатеринбургдагы Кольцово аэропортунда токтоп турат. 13-апрель, 2020-жыл. Архивдеги сүрөт.
"Урал аба каттамдары" авиакомпаниясынын учактары Екатеринбургдагы Кольцово аэропортунда токтоп турат. 13-апрель, 2020-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусиялык авиакомпаниялар санкцияларды буйтап өтүү менен былтыр майдан бери Батыштан 1,2 миллиард долларга учак тетиктерин сатып алган.

Бул схеманы ишке ашырууга жардам берген ондогон компаниялардын арасында Тажикстандагы курулуш фирмалары дагы бар. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.

Макалада белгиленгендей, соода чектөөлөрү киргизилгенче Орусиянын "Урал аба каттамдары", "Аэрофлот", S7 жана башка компанияларына Германиянын Lufthansa Technik сыяктуу фирмалары техникалык колдоо көрсөтүп турчу.

Рейтер агенттиги жазгандай, Тажикстанда жайгашкан "Истиклолият 20" жана "Кафолати Комил" ишканалары "Урал аба каттамдары" компаниясына 2022-жылы америкалык Northrop Grumman фирмасынын тетиктерин Бириккен Араб Эмираттарынын аймагы аркылуу жеткирген.

Андан тышкары, "Рейтерстин" макаласында авиациялык тетиктер Түркия, Кытай жана Кыргызстандын аймагы аркылуу Орусияга жеткирилип жатканы белгиленген.

Маселен, молдовалык Air Rock жана Aero stage компаниялары Кыргызстан аркылуу Орусияга батыштан сатып алган тетиктерди жөнөткөнү жазылган.

"Азаттык" буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG