Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Төрөт учурунда жабыркаган баланын абалы боюнча маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Караколдо төрөт учурунда жабыркаган ымыркайды дарылоонун экинчи этабын баштоо үчүн аны Бишкекке алып келгени жатышканын бүгүн 24-августта “Азаттыкка” өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди. Анын айтымында, ымыркайдын абалы орточо оор деп мүнөздөлүүдө, оң динамика байкалууда, бала тамактанып жатат, анализдери туруктуу:

«Дарыланып жатышат. Апасы жакшы болуп калды. Баланы эртең дарылоонун экинчи этабын жүргүзүү үчүн Энени жана баланы коргоо улуттук борборуна которобуз реанимобиль менен алып келип».

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө көз жарган келини жана анын ымыркайы оор абалда жатканын жакындары социалдык түйүндөр аркылуу айтып чыгышкан. 15-августта алар президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жолдоп, “дарыгерлер карабай койгон” деп билдиришкен жана жардам сурашкан.

“Дарыгерлер карабай койгондуктан баламдын жана жубайымдын абалы өтө оор. Баламдын колу жана акыреги сынып, мээсине кан куюлуп кетиптир. Ушуну өз көзөмөлүңүзгө алып берсеңиз”, - деген келиндин күйөөсү окуя 14-августка караган түнү болгонун айткан.

Окуянын чоо-жайын териштирген комиссия бир катар кызматкерлерди жазалоо чечимин чыгарган.

Ушул эле төрөт үйүндө быйыл январь айында эки аптада алты ымыркай инфекциядан чарчап калган. Буга эң жөнөкөй санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп экени расмий аныкталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG