Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:24

Адвокат: Олжобай Шакирге бийликти басып алууга аракеттенген деген айып коюлду


oljobai
oljobai

Жазуучу, публицист жана коомдук ишмер Олжобай Шакир 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин 48 саатка камалды.

Маалыматты анын адвокаты Бакыт Автандил билдирди.

“УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал бизге кеч маалым болуп, саат 8дерде кирдик. Коюлган айып боюнча айта кетсем. “Жапырт башаламандыкка чакырган, бийлик өкүлдөрүнө жигердүү баш ийбөөгө чакырган” дейт. Ошондой эле “бийликти басып алууга аракет кылган” деген такыр эле негизгиз айыптоолор менен айыпталып жатат. Олжобай Шакир онлайн тынчтык митингге чакырып жаткан. Азыр акылга сыйбаган айып коюлду”, - деди жактоочусу.

Бакыт Автандил Олжобай Шакирдин бөгөт чарасы 24-августта түштөн кийин караларын кошумчалады.

Атайын кызмат расмий маалымат тарата элек.

Буга чейин жубайы Назгүл Бодбаева Олжобай Шакир 23-августта түшкө маал үйүндө жалгыз болгонун, ошондон бери дайыны билинбей жатканын "Азаттыкка" кабарлаган.

Кийинчерээк жазуучунун дайыны Улуттук коопсуздук комитетинен чыкканын "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова “Азаттыкка” билдирген. Жазуучунун УКМКда суракта экени маалым болгондон кийин аны бошотууну талап кылган бир нече активист, журналист жана укук коргоочулар жана анын жакындары УКМКнын имаратынын алдына чогулушту.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келген. Негизинен Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берүүгө каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырып жүргөн. 31-августта нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG