Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:12

Түркмөнстанда динзарлардын үйлөрүндө тинтүү жүрдү


Түркмөнстандын Балкан облусунда динзарлардын үйлөрүндө тинтүү болуп, Курандан башка бардык диний мазмундагы китептерди күч кызматкерлери алып кетишти. "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, 18-19-августтагы рейддерде тургундарга диний мазмундагы адабияттарды, анын ичинде шариат эрежелери жана хадистер жазылган китептерди сактоого болбой турганы эскертилген. Бул текшерүүнүн себеби белгисиз.

Акыркы апталарда түркмөн бийлиги ашкере динчил деп эсептеген жарандарды да суракка чакырганы, укук коргоо органдары көбүнчө жакында эле намаз окуй баштаган жаштарга өзгөчө басым жасап жатканы айтылууда.

Быйыл жазында Түркмөнстанда мечитке барган жана намаз окуган кыз-келиндер суракка алынган.

Түркмөнстандын өкмөтү жарандардын дин тутуу эркиндигин чектегени үчүн эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2014-жылы Түркмөнстанды "диний эркиндиктердин сакталышы боюнча "өзгөчө тынчсызданууну жараткан" өлкөлөрдүн катарына киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG