Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

АКШ Кытайды экономикалык ачыктыкты сактоого чакырды


Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан.

Шейшембиде АКШ Кытайды акыркы айларда экономикасы тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбай, маалымат берген кытай фирмаларын куугунтуктап жатканы үчүн сынга алды.

Кошмо Штаттар мындай аракеттерди жоопкерчиликсиз деп эсептей турганын Reuters агенттиги билдирди.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан дүйшөмбүдө өткөн жыйында кытай өкмөтүнүн жаштар арасындагы жумушсуздук жана башка көрсөткүчтөр тууралуу маалыматтары азайып, андагы тазалыктын жана ачыктыктын деңгээли төмөндөп кеткенин билдирди. Ошол эле маалда жеке фирмалар да кытай экономикасы тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгара албай жатат.

"Биздин көз карашыбызда бул жоопкерчиликсиз кадам, - деди Салливан. - Глобалдык ишеним үчүн, дүйнөнүн экономикалык кадамдарды жасоо алдында акыл калчап чечим кабыл алышы үчүн Кытай өз маалыматтарынын ачыктык деңгээлин түшүрбөшү керек".

АКШнын соода министри Жин Раймондо жакында Бээжинге барганы турат. "Америка добушунун" билдиришинче, Байдендин администрациясындагы жогорку кызматты ээлеген өкүл акыркы айларда Кытайга үчүнчү жолу барганы жатат.

Салливан журналисттерге Раймондо Бээжинге барганда АКШ Кытай менен каршылашкысы келбегенин түшүндүрө турганын айтты. Байдендин кеңешчисинин маалыматында, иш сапардын максаты АКШнын коопсуздугун коргоо жана жүк жеткирүүнүн туруктуу чынжырын камсыздоо болмокчу.

Салливан мындан тышкары "Алкак жана жол" инфраструктуралык демилгесине Кытайдын насыяны мажбурлап берген тажрыйбасына көңүл бурган. Буга байланыштуу "Чоң жыйырманын" (G20) сентябрда Индияда өтүүчү саммитинде АКШ президенти Жо Байден Дүйнөлүк банкка жана Эл аралык насыя фондуна кытай тажрыйбасына альтернатива катары кредиттик потенциалды көбөйтүү керектигин айтат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG