Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Донецкидеги жикчилдердин мурдагы башчысы абактын ооруканасына жатуудан баш тартты


Москванын коомдук байкоочу комиссиясынын жооптуу катчысы Алексей Мельников тергөө абагында жаткан Донецкидеги орусиячыл жикчилдердин мурдагы башчысы Игорь Стрелковго (Гиркин) жолукту. Стрелков учурда экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырганы үчүн айыпталууда.

Мельниковдун айтымында, Стрелков Федералдык жаза аткаруу кызматынын ооруканасына жатуудан баш тарткан. Буга чейин жакындары Стрелковдун ден соолугу кескин начарлап кеткенин кабарлашкан.

Жооптуу катчы Стрелковдун саламаттыгына изолятордун медициналык бөлүмүнүн дарыгери көз салып турганын, айыпталуучу бардык керектүү жардамды алып, өзүн жакшы сезип жатканына токтолду.

"Колунун уюп жатканын сурадым. Ал колу камакка алынганга чейин эле чымырап, уюп келгенин, эски жарааттар экенин айтты", - деди Мельников айыпталуучу тууралуу.

Стрелков өзүн көрүп баргандарга абак кызматкерлеринин ага болгон мамилеси жана берген тамагы жакшы экенин белгилеген.

Буга чейин Игоря Стрелковдун жубайы Мирослава Регинская күйөөсү абакта оор абалда жатканын, колу иштебей, дене бою калчылдап, дем алуусу кыйындап кеткенин билдирген.

Регинская Стрелковду бошотуу өтүнүчү менен Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылган.

Мельниковдун айтымында, Стрелков укук коргоочулардын жардамынан баш тартып келгенин түшүндүргөн эмес.

  • Өзүн "Донецк элдик республикасы" деп жарыялап алган жикчилдердин мурдагы лидери жана коргоо министри, Федералдык коопсуздук кызматынын запастагы полковниги Игорь Стрелков 21-июлда Москвадагы батиринен кармалган. Сот аны эки айга камоо чечимин чыгарган. Стрелковдун камалышына анын орусиялык лидерлерди сындаган посттору түрткү болгон, ал мындай айып менен беш жылга соттолушу мүмкүн.
  • Игорь Стрелков 2014-жылы жикчилдердин башында туруп Украинанын Донецк облусундагы Славянск шаарын басып алганда таанылган. Бул шаардын жикчилдерге өтүшү Украинадагы согуштун башталышы болгон. 2022-жылы Украинада согуш башталгандан бери ал Кремлди жана аскердик командачылыкты фронттогу ийгиликсиз аракеттери үчүн кескин сындап келген. "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожинди да сындап, аны коомго чыгарбаш керектигин айтып жүргөн.
  • Малайзия аба каттамдарына караштуу "Боинг-777" жүргүнчү учагынын атып түшүрүлгөнүнө байланыштуу Гаагдагы сот былтыр ноябрда Стрелковду сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан. 2014-жылы болгон бул каргашада 298 адамдын өмүрү кыйылган. Стрелков өзүнө коюлган айыпты моюнга алган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG