Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Пакистанда асма аркан жолдо калган балдарды куткаруу операциясы жүрүүдө


Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында асма жолдо калган балдарды куткаруу операциясы жүрүүдө. 22-август, 2023-жыл.
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында асма жолдо калган балдарды куткаруу операциясы жүрүүдө. 22-август, 2023-жыл.

Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы асма аркан жолдо калган балдарды куткаруу операциясы жүрүүдө. Азырынча эки бала аман-эсен эвакуацияланды.

Расмий бийликтин маалыматына караганда, сегиз кишиден турган топ мектепке баратканда аркандардын бири үзүлүп кеткен. Окуучулар 274 метр бийиктикте калып калышкан.

Пакистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Анваар-уль-Хак Какар ыкчам чараларды көрүүнү буйруду.

Окуя болгон жерге Пакистан армиясынын тик учактары барды. Бирок эвакуация иштерине катуу шамал тоскоолдук жаратууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, куткаруучулар келгиче окуучулар төрт саат асма аркан жолдо турушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG